Бишкектеги балдар клиникасында күчтүү дары-дармектер уурдалган

Бишкектеги балдар клиникасында өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 1340 ампуладагы күчтүү дары-дармектердин уурдалганын аныкташты.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси жана 291-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдан бери Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде анестезиолог-реаниматолог болуп иштеп келген 1991-жылы туулган жаран аныкталды. Ал кызмат абалынан пайдаланып, «Д» аттуу ЖЧКсынын клиникасынын директорунун атынан жасалма түрдө баңгизатын алууга ишеним каттарды жасап жүргөн.

Баңги каражаттарына түздөн-түз ээ болуу менен шектүү жеке колдонуу үчүн баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жашыруун уурдап, бул аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Кармалган жаранга тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, корутундусу менен укуктук баа берилет. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Оштогу депутаттар мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү демилгелешти

admin

Түркияда кайрадан эки жолу жер титиреди 

admin

15-январдан тартып Бишкекте жол кире 20 сом болгону жатат

admin

Комментарий