Бишкектеги дүкөндө аялды уруп, жатып калганда тепкилеген шектүү кармалды (видео)

Кечээ, 24-апрелде социалдык тармактарда эркек кишинин дүкөндөгү аялды уруп-согуп, жерге жатып калганда тепкилеп жаткан видео тарады.

Октябрь РИИБден маалымат беришип, бейбаштыкка шектүү жаран кармалганын билдиришти. 24-апрель күнү Октябрь РИИБге аял арыз менен кайрылып, белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. Себеби көрсөтүлгөн күнү Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринде, денесине эч себепсиз залал келтирген. Андан кийин шектүү белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 1968-жылы туулган жаран аныкталып,кармалган.

Related posts

Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузуп жатат

admin

17-февралдан тартып өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

admin

«Рух ордодо» курулуп жаткан комуз сымал пирстин көрүнүшү. Фото

admin

Комментарий