Кытай менен Кыргызстандын чек арасында 6 баллга жеткен жер титирөө болду 

27-февралда саат 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Как-Шаал Тоо кырка тоолорунда, Таш-Короо айылынан 50 чакырым түштүк-чыгышты карай, Эчкили-Таш айылынан 55 чакырым түштүк-чыгышты, Кургак айылынан 58 чакырым түштүк-чыгышты, Эңилчек айылынан түштүк-чыгышты карай 60 чакырым, Кең-Суу айылынан 60 чакырым түштүк-чыгышты, Каракол шаарынан 130 чакырым түштүк-чыгышты карай болгон. 

Жер титирөө Таш-Короо, Кургак, Эңилчек айылдарында 4 баллга жакын, Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында 3,5 баллга жеткен.

Related posts

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктан жабыркагандар бүгүн Анталиядан Бишкекке учуп келишет

admin

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барды 

admin

ЖК оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу долбоорун 1-окууда колдоду

admin

Комментарий