Бишкектеги шамалдын кесепетинен 2 жаран жабыркады

Катуу шамалдын кесепетинен Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборуна 2 чакыруу түшкөн.

Киев көчөсүндө темир чатыр 14 жаштагы өспүрүмдүн үстүнө кулаган. Натыйжада бала “жамбаш сөөгүнүн сынышы, баш мээнин жабык травмасы, маңдай бөлүгүнүн жаракаты” диагнозу менен ооруканага жаткырылган.

41 жаштагы аял отурган унаанын үстүнө бак кулаган. Окуя Щербаков жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу “баш мээнин жабык жаракаты, баш мээси чайкалган” деген диагноз менен ооруканага жаткырылды.

Related posts

Милиция кыз ала качуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти

admin

Төө-Ашууда айдоочуларга жана туристтерге байкоочу аянтча курулат

admin

УКМК: Мурда мыйзамсыз жол менен жеке менчикке чыгарылган бала бакча мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий