Бишкектик окуучу Айдар Каныбеков Тайландда Муай -Тай боюнча чемпионатта байгеге ээ болду

Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу Айдар Каныбеков Муай-Тай боюнча Дүйнө чемпиондугунда ээ болду. “Күмүш медалга» ээ болду.

Белгилей кетсек, Таиланд Королдугунун Паттайя шаарында 15-ноябрдан 25-ноябрга чейин Муай-Тай боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Аталган чемпионатка Кыргыз Республикасынын Муай-Тай федерациясынын курама командасынан 10 спортчу катышып жатышат.
Бул спортчулардын эң кенжеси Каныбеков Айдар “Күмүш медалды” багындырды. Айдар Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу. Ал КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевдин небереси.

Тактап айтканда, алтын медалга – Тимур Кутанов ээ болсо, күмүш медалга – Каныбеков Айдар, Өмүрбеков Данияр; Акылбек кызы Анжелика татыса, ал эми Коло медалдын ээси болуп — Абдулин Ильяс, Бактыбеков Альберт табылды.

Эскерте кетсек, спортчуларыбызды 2022-жылдын 26-ноябрында саат 19.00 “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.


Related posts

Мишустин: ЕАЭБ өзүн эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөтө алды

admin

Кыргызстандын желегин унаанын артындагы устунга байлап алган айдоочу кечирим сурады

admin

Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

admin

Комментарий