«Биз согуштун босогосунда турабыз». Израилдин өкмөт башчысы өлкөсүнө болгон кол салуу тууралуу үн катты

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаниягу өлкө «согуш абалында» турганын жарыялады. Ал мындай билдирүүнү ХАМАС уюмунун согушчандары Газа тилкесинен Израилдин түштүк жана борбордук райондоруна кол салгандан кийин жасады.

Бүгүн, 7-октябрда таңкы убакытта ХАМАС уюму Израилдин шаарларын көздөй беш миңдей ракета коё берип, бир нече ондогон согушчандар Газа тилкеси менен чектешкен Израилдин айылдарына бастырып кирген. Израилдин бийлиги өлкөнүн аймагына 2 миңдей ракета соккусу тийгенин билдирди.

Соңку маалыматтар боюнча, ХАМАС уюмунун Израилге болгон чабуулунда 40 киши каза болду, андан тышкары 700дөн ашуун адам жаракат алды. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны дагы өсүшү ыктымал. Соцтармакта киши өлтүрүү учуру тартылган видеолор жайылууда.

Related posts

Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алышат

admin

Ак-Кула ипподрому кайрадан аукционго коюлду

admin

22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий