Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым тилкеси макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым тилкеси макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 3-октябрдан 8-октябрга чейин Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өткөн.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлган.

Related posts

Ар бири 200 миң сомдук. Жумгалда беш жылкы уурдаган шектүү кармалды

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге барды

admin

Быйыл кызыл аттестатты эң көп Бишкектин бүтүрүүчүлөрү алышат

admin

Комментарий