Болот Темировдун командасында иштеген 11 журналист 48 саатка камакка алынды. Тизме

Кечээ, 16-январда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилипсурак берген 11 журналист 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Ал ошондой эле кармалгандардын тизмеси менен бөлүштү.

1. Махабат Тажибек кызы;
2. Сапар Акунбеков;
3. Азамат Ишенбеков;
4. Сайпидин Султаналиев;
5. Актилек Капаров;
6. Тыныстан Асыпбеков;
7. Максат Тажибек уулу;
8. Жоодар Бузумов;
9. Жумабек Турдалиев;
10. Айке Бейшекеева;
11. Акыл Орозбеков.

Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталып жатышат. 48 сааттан кийин алардын бөгөт чарасы сотто каралат.

Related posts

Садыр Жапаровдун Францияга болгон иш сапары аяктап, Сауд Аравияга жөнөп кетти

admin

Кыргызстандын мыкты студенттери президенттин колунан стипендия алышат

admin

Ошто жаңы жылдык кече өзгөчө шаң менен өттү

admin

Комментарий