Бомбанын үстүндө жашашканын билбей… Польшада үй-бүлө 80 жылдай бою жарылбаган снарядды таап алды

Польшада үй-бүлө дээрлик 80 жыл бою жарылбаган бомбанын үстүндө жашаган. Бомбаны Сухеднев шаарынын тургуну — үй ээси тапкан.

Үйүн оңдоо учурунда жергиликтүү тургун полунун астынан Экинчи дүйнөлүк согуштан калган 50 килограммдык снаряд таап алган. Үйдүн ээси чоң энеси айтып берген окуяны эстеген.

Чоң энесинин айтымында, 1945-жылы Польшаны фашисттерден бошотуу учурунда алардын үйүнө абадан бомба түшкөн. Снаряд чатырды жана полду тешип, жерге тыгылып калган, бирок жарылган эмес. Аны карап чыккан советтик жоокерлер бомба коркунуч туудурбайт деген жыйынтыкка келишкен. Бирок убакыттын аздыгынан аны алып чыгышкан эмес. Ээлери да анда эч нерсеге тийишкен эмес. Үй оңдолгон, бирок болгон окуя үй-бүлөлүк тойлордо гана айтылып калган. Окуя жомокко айланып, ага урпактары ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышкан.

Акыры саперлор келип, «үй-бүлөлүк мурасты» жок кылуу үчүн алып кетишкен. 

Related posts

КР УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы аныкталды

admin

Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,4 млрд. сомго чыкты

admin

Түркиядагы жер титирөөдөн кеминде 53 адам набыт болду 

admin

Комментарий