Бомбанын үстүндө жашашканын билбей… Польшада үй-бүлө 80 жылдай бою жарылбаган снарядды таап алды

Польшада үй-бүлө дээрлик 80 жыл бою жарылбаган бомбанын үстүндө жашаган. Бомбаны Сухеднев шаарынын тургуну — үй ээси тапкан.

Үйүн оңдоо учурунда жергиликтүү тургун полунун астынан Экинчи дүйнөлүк согуштан калган 50 килограммдык снаряд таап алган. Үйдүн ээси чоң энеси айтып берген окуяны эстеген.

Чоң энесинин айтымында, 1945-жылы Польшаны фашисттерден бошотуу учурунда алардын үйүнө абадан бомба түшкөн. Снаряд чатырды жана полду тешип, жерге тыгылып калган, бирок жарылган эмес. Аны карап чыккан советтик жоокерлер бомба коркунуч туудурбайт деген жыйынтыкка келишкен. Бирок убакыттын аздыгынан аны алып чыгышкан эмес. Ээлери да анда эч нерсеге тийишкен эмес. Үй оңдолгон, бирок болгон окуя үй-бүлөлүк тойлордо гана айтылып калган. Окуя жомокко айланып, ага урпактары ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышкан.

Акыры саперлор келип, «үй-бүлөлүк мурасты» жок кылуу үчүн алып кетишкен. 

Related posts

Жолду капиталдык оңдоо: Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

admin

«Эжемдин денесине 6-7 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн» деген жаран бийликке кайрылды

admin

23.10.23 кооз датасында өлкөдө 115 түгөй баш кошту

admin

Комментарий