Боомдо каза тапкан жана жаракат алган адамдардын өздүктөрү аныкталды (тизме)

Боом капчыгайындагы кырсыкта каза тапкан жана жаракат алган адамдардын өздүгү аныкталды.

Маалым болгондой, кече, 1-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 124-чакырымында 3 унаа кагышып, жол кырсыгы катталган.

Анын кесепетинен Кемин райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 13 адам жеткирилген. Алардын ичинен 4 адам жандандыруу бөлүмүнө, 9 адам хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Дагы 11 адам ооруканага жатуудан баш тартышкан.

Окуя болгон жерде 1973-жылы туулган Ү.Ж. (аял киши) каза тапкан. Жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан 1974-жылы туулган Р.И.Х. көз жумган.

Кырсыктын кесепетинен Балыкчы шаарынын 1 тургуну, Чүй облусунун 3 тургуну, Жумгал районунун 5 тургуну жаракат алган. Алар:

1. 1993-жылы туулган А.К. (эркек киши);

2. 1981-жылы туулган С.С.С. (эркек киши);

3. 1960-жылы туулган А.Ж.К. (эркек киши);

4. 1968-жылы туулган С.Т.Ж. (аял киши);

5. 1988-жылы туулган Э.А.Ш. (аял киши);

6. 1990-жылы туулган А.А.А. (аял киши);

7. 1979-жылы туулган Ү.М. (эркек киши);

8. 1990-жылы туулган Ж.З. (аял киши);

9. 2017-жылы туулган Н.А.Р. (кыз киши).

Related posts

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Кыргыз жарандарын кооптуу аймакка барбоого чакырды

admin

Баткенде 21 жаштагы чек арачы көз жумду

admin

ТИМ Америкада жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамды так сактоого чакырат

admin

Комментарий