Садыр Жапаров Нарында Ормон хандын 230 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунда Ормон хандын 230 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Семиз-Бел айылында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү, Ормон хандын эстелигин ачуу жана башка маданий-массалык иш-чаралар болот.

Иш-чаралар УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда түз чагылдырылат.

Майрамдык иш-чаралар саат 10:45те башталат.

Related posts

Кыргызстан 10 миң электромобилди алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду 

admin

Даниель Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

admin

Садыр Жапаров Кытайдын элчисине «Достук» орденин тапшырды

admin

Комментарий