Британиянын королу Карл III рак оорусуна чалдыкты

Улуу Британиянын королу Карл III рак оорусуна чалдыккан. Букингем сарайынын билдирүүсүндө, Корольдун жакында простата безинин чоңойгону үчүн ооруканага жаткырылган учурунда маселе аныкталган. Кийинки диагностикалык текшерүүлөрдө рактын бир түрү аныкталган.

Дарыгерлер ага коомдук иштерди кийинкиге жылдырууну кеңеш кылышкан.

Карл III жана анын жубайы Камилла 2023-жылдын 6-майында таажы кийген. Расмий түрдө Карл III 2022-жылдын 8-сентябрында ханыша Елизавета II каза болгон күндүн эртеси падыша болду.

Related posts

Садыр Жапаров: селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

admin

Садыр Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында Цзинань шаарына келди

admin

Бишкектеги автобекеттин жабылышы боюнча мэрияга сындар айтылууда

admin

Комментарий