«Бул мен үчүн сыймык» дейт Маданияттын мыкты кызматкери болгон Каныкей

Кечээ, 15-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ырчы Каныкей Алымбековга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.

Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон. Каныкей бул сыйлык абдан жагымдуу болгонун айтты.

«Мага абдан жагымдуу болду. Мен сыйлыкты даражага бөлбөйм. Эң негизгиси чын жүрөктөн болсо болду. Элиме рахмат. Бул мен үчүн сыймык»,- деди ал.

Related posts

Кыргызстанда унаалар жубайлардын макулдугу менен гана кайра каттоого алынабы?

admin

Талас аэропортуна Орусиядан учак келип конду (видео)

admin

Бишкекте 45 кабаттан турган комплекс салынат

admin

Комментарий