Булар ЮСАИДге ишенген. Депутат өлкө 12 жылдык окууга өтө албасын айтты

 Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууга өтүүгө даяр эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 12 жылдык окууга өтүү жараяны жакынкы убакта ишке ашпайт.

«Министрлик 12 жылдык окууга өтүүгө даяр эмес, жакында өтө да албайт. Булар ЮСАИДге ишенген. Ал уюмдун 24 программасынын 22си жабылып, маалыматтык колдоо жана башка деген экөө эле калды. Эми 12 жылдык окууга өтүү ишке ашпайт. Ошондуктан 10 жылдык окууга өтөлү, Англия деле СССРдин системасына кайтып жатат дегем. Булар донор издеп жатышат, негизги максаты — грант алуу. Билим берүү силерге оюнчук эмес, талкалап бүттүңөр», — деди Талиева.

Related posts

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында боз үйлөр тигилди. Эмнелерди сатып алууга болот?

admin

Жаңы жылдык майрамда кыргызстандыктар канча күн эс алат?

admin

Үй-бүлөлүк зомбулук менен электрондук билерик аркылуу күрөшүү каралып жатат

admin

Комментарий