Быйыл балдын сатып алуу баалары жогорулап кеткенден улам экспортко чыгаруу татаалдашкан

Быйыл балга болгон сатып алуу баалар бир жарым эсеге көтөрүлүп кеткенден улам аны экспортко чыгаруу татаалдашып калды. Эгерде былтыр балдын килограммы 200–250 сомдун тегерегинде болсо, быйыл баалар кыйла көтөрүлүп, 350–400 сомду түзгөн.

Ушундан улам балды чет өлкөгө экспорттоо басаңдай түшкөн. Аны менен бирге импортерлор былтыр Кыргызстандан сатылып алынган балдын сапаты көп учурда эл аралык стандарттарга жооп бербегендигин кошумчалашкан. Ушул факторлорду эске алганда учурда балды экспорттоодо көйгөйлөр жаралууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги бул маселени чечүү максатында ар тараптуу иштерди алып барууда. Ошол эле учүрда министрлик бал өндүрүүчүлөргө продукциянын сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча ишти алып тынымсыз баруусун сунуштайт.

Related posts

РФ элчиси: Кыргызстан ага ким дос, ал эми ким жөн гана сапарлаш экенин билет

admin

Трамп: АКШ кен байлыкты Украина эле эмес, Россиядан да сатып алууну каалайт

admin

Адахан Мадумаров райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданды

admin

Комментарий