Быйыл Баткенге 4 млрд 197 млн сом суммасында бюджет бекитилди. Ал сумманын канчасы которулду?

Быйылкы жылга Баткен облусуна бекитилген бюджет 4 млрд 197 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл сентябрь айынан баштап өнүктүрүү программасына тескеме чыккан, анын негизинде 500 млн сом Баткен облусуна бекитилген. Бүгүнкү күндө Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү тургундарды колдоого, турак жайларды калыбына келтирүүгө жана башкаларга 100 млн сом, чек ара аймактарына 110 млн сом которулду.

“Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренесинин көлөмү 3 млрд сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд сом бөлүндү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал сумманы пайдалануунун жыйынтыгын эсептеп бизге сунушу менен кайрылат. Анын негизинде кошумча каражат бөлүнөт”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, атайын эсепке жарандардан түшкөн каражаттын суммасы 327 млн сомду түздү. Анын ичинен 84 млн сом которулган. Бөлүнгөн каражатты Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескейт.

Related posts

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө коррупцияга каршы коомдук-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

admin

Мурдагы президент Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берилди

admin

КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Драматургияны өнүктүрүү  максатында конкурс өткөрүлөт

admin

Комментарий