Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа көтөрүлбөйт – Энергохолдинг 

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Ал белгилегендей, 1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тариф 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзгөн.

“23 тыйын – бул анча чоң эмес өсүш, анткени былтыр өлкөдө айлыктар менен пенсиялар көтөрүлгөн. Бул акча бюджетке 2,4 млрд сомго жакын киреше алып келет.

Бул каражатка тармактарды реконструкциялоо, өзүн-өзү изоляциялоочу зымдарга өтүү, трансформатордук көмөкчордондорду орнотуу пландалган”, — деди Улуттук энергохолдингдин башчысы.

Ал кошумчалагандай, электр энергиясынын тарифи жылына бир жолу гана өзгөрөт. «Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа мындан ары көтөрүлбөйт», — деди Байгазиев.

Related posts

Балыкчыда муз тээп жүрүп, сууга түшүп кеткен бир туугандар куткарылды (видео)

admin

«40 миллион сомдон ашык зыян келтирген». Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды 

admin

Активисттер Али Шабдан менен Атай Бейшенбек камакта калды

admin

Комментарий