Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү улантылууда. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

14-октябрь күнү Кара-Кулжа РИИБге аталган райондун тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын май айында жаран анын мал жандыктарын алып, азыркы күнчө чейин акчасын бербей, качып жүргөнүн билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган, 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Андан сырткары, кармалган жаран бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча да шектүү.

Related posts

Бишкекте 19 жаштагы ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн делген жаран кармалды 

admin

Кыргызстанга Орусиянын президенти Путин келет

admin

Кадамжайда мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткен

admin

Комментарий