Быйыл Ысык-Көлгө 1,3 млн турист келген

Быйыл жай мезгилинде Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров облус аймагында жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен болгон жолугушууда билдирди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, жолугушууда жайкы туристтик сезондун жыйынтыгы талкууланды.

«Аймактагы туристтердин саны өсүп жатканы байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе — бул экологияны коргоо жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул багытта бардыгыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл», — деп белгиледи облус жетекчиси.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 1 миң 127 конок үйү бар.

Related posts

Өтмөк ашуусуна кар жаады. Дөңгөлөктү кышкыга алмаштырууну унутпаңыз

admin

Ташиев: Кемпир -Абад боюнча келишим 1965 -жылы эле түзүлгөн, аны биз өзгөртө албайбыз

admin

Шашылыш билдирүү: өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

admin

Комментарий