Дубайда климаттын өзгөрүшү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммит өтүүдө. Иш-чарага Садыр Жапаров катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттин ачылыш аземине катышуу үчүн “Expo City Dubai” көргөзмө борборуна келди.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышууда, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери да бар. Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭнин президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Related posts

Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

admin

 Бишкекте Элдик курултай өтөт

admin

Аскат Абылаев «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» директорлор кеңешине кошулду

admin

Комментарий