Чүйдө 40 миң доллар талап кылууга шектелген блогер психиатриялык ооруканага жаткырылат

Чүйдө 40 миң доллар талап кылууга шектелген блогерди психиатриялык ооруканага жаткырылышы каралган. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун 2023-жылдын 11-августундагы токтому менен шектүү жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Ал медициналык мүнѳздѳгү мажбурлоо чаралары колдонулуп, адаттагыдай байкоого алуу менен Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасына жаткырылышы каралган.

Жабырлануучу жана өкүлү аларга келтирилген материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп берүүнү сураган арызы жана Аламүдүн райондук сотунун тергөө судьясынын 2023-жылдын 30-майындагы токтому менен ага таандык болгон унааларга салынган камак жарандык тартипте чечүү үчүн калтырылды.

Related posts

Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

admin

УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду 

admin

Бундестаг Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөттү

admin

Комментарий