Чүйдө төрөлгөн 4 эмге Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди 

Чүй облустук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн 4 эмге туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери төрөт үйүнө барышып, ымыркайлардан кабар алып, алардын ата-энесин ымыркайлардын төрөлүшү менен куттуктап, белектерин беришти. Дароо “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алууга документтер толтурулган.

10-февралда Кыргызстанда төрт эм төрөлгөн.Аларга Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди. Азыркы күндө ымыркайлардын энесинин жана ымыркайлардын абалы жакшы.

Related posts

Чехиялык бийкеч «Дүйнө сулуусу» аталды

admin

Германиянын Россия менен ири согушка даярданып жатканы айтылды

admin

УКМК азыркы болуп жаткан иштер тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоду

admin

Комментарий