Чүй облусунун Жайыл райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Чүй облусунун Жайыл райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Жайыл райондук филиалынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган филиалдын айрым кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүү аркылуу жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталган. Мыйзамсыз иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн жасалма баштапкы документтер колдонулган, бул жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамдуу негиздерсиз тариздөөгө мүмкүндүк берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жайыл райондук филиалда жана кызматкерлердин жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, эски үлгүдөгү мамлекеттик бланктар, басма машинкалар, 2004-жылы чыгарылган Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин мөөрү, ошондой эле жаңы жана катталбаган мамлекеттик актылар табылып, алынган.

Мындан тышкары, жер тилкелерине жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү фактылары да аныкталган. Тактап айтканда, документтердин түп нускалары жасалмалап, алар «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин реестрине катталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жайыл филиалынын башчысы И.Р.Р. кармалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Ооганстанда катуу жер титирөө катталды

admin

Садыр Жапаров Бакуга барды

admin

«Урушуп кеттик». Бишкекте айдоочу унааны сүзүп, из жашырып кеткен

admin

Комментарий