Чүйдө Балыкчы-Бишкек каттамындагы поезддин вагондоруна таш ыргытып, айнектерин сындырыш

Кечээ, 1-августта саат 21:18де Балыкчы-Бишкек каттамында Дмитриевка — Кант станциясынын аймагында №609 поездде окуя болгон. Белгисиз адамдар көчө тараптан вагондордун айнектерин сындырышкан. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

«ВИП», «Люкс» вагондорунун жана жөнөкөй вагондун 9 купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Бул иш-аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Сураныч, поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз. Мындай жагымсыз окуя материалдык гана эмес, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна да коркунуч келтирет. Темир жол транспортунда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо ар бирибиздин милдетибиз»,— дешти.

Булак:Сереп

Related posts

Садыр Жапаров: Кыргыздар бөтөн жерге көз артпайбыз, бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз

admin

Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

admin

Токмок шаарында «Восток» кинотеатры мамлекеттин балансына өткөрүлдү

admin

Комментарий