Чек ара чырынан эки кыргызстандык аскер кызматкери жараат алды

Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, минометтун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган — минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды.

«Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Аскерлердин ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда ок атуу токтоду, бирок кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

Related posts

Кыргызстанда эт азыктарынын сапаты  QR-код аркылуу текшерилет

admin

УКМК: Жол чарба Департаментинин Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды — ВИДЕО

admin

УКМК: Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалд

admin

Комментарий