Чек Ара кызматы:  Өзбекстандын чек арачылары кирип келди делген видео чындыкка дал келбейт

Кыргыз жараны тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына Өзбекстандын чек арачылары кирип келди делген видео чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, 12-март күнү Жалпак-Таш районунда, Баткен облусунун Баткен районунун Сай айылында жергиликтүү тургун У.Н аттуу жаран Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына курал-жарак менен кирип кеткен видеону тараткан.

Андан соң «Чыр-чатактын алдын алуу максатында» Айдаркен багыты боюнча КР чек ара өкүлдөрү Сох багытында Өзбекстандан келген кесиптештери менен жолугушуу өткөрүштү.

«Жолугушуунун жыйынтыгында өзбек аскер кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузбаганы, бирок окуя болгон жерди текшерүү үчүн чек ара сызыгына жакын Өзбекстандын аймагында жүргөндүгү аныкталды», – деп айтылат маалыматта.

Эки республиканын чек арага чектеш облустарынын калкы арасында түшүнбөстүккө жол бербөө үчүн чек ара өкүлдөрү аскер кызматкерлеринин бардык аракеттерин макулдашып, тиешелүү органдарга алдын ала маалымат берип турууга макулдашышты.

ЙВидеону жарыялаган тургунга жана Баткен районунун Сай айылына  кырдаалды түшүндүрүштү.

Related posts

Баткенде электромобилдер үчүн электр станциясы ишке киргизилет 

admin

Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата тарыхый сериал тартылат

admin

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

admin

Комментарий