Маданият министрлиги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Сотко жолдогон доо арызында министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Дал ушуну негиз кылып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген пункту бузуп жатканын көрсөткөн.

Related posts

Кар жаашы күтүлөт. 3- январга карата аба ырайы 

admin

Садыр Жапаров жубайы менен Ташкентке барды

admin

Чок-Талдагы жол кырсыгынан төрт адам каза тапты, арасында бөбөк бар

admin

Комментарий