Чилиде чоң өрт каптап, 50дөй киши каза болду. 200дөн ашуун кишинин дайыны жок

Чилиде катуу күн ысып, кургакчылык каптап турган кезде бир сутканын ичинде 140тан ашуун өрт катталды. Жүздөгөн имараттар күйүп, 50дөй киши каза болду, 200дөн ашуун кишинин дайыны жок.

Өлкөнүн президенти Габриэль Борич каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгын билдирди, анткени өрт токтой элек.

Өлкө ичинде 43 миң гектардан ашуун аянт өрттөнүп жатат. Аны 1500дөй өрт өчүрүүчү токтотууга аракет кылышууда. Бул кырсыкты өлкөнүн тарыхындагы эң масштабдуу деп аташууда.

Related posts

Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат». Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт 

admin

Жалал-Абадда 870 ипотекалык батир май майрамдарынан кийин берилет

admin

КР УКМК: Бишкек шаарындагы 3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий