Чиркей «курмандыгын» кантип тандайт? Эксперттердин түшүндүрмөсү

Улуу Британиянын Daily Mail басылмасы «чиркей эмне үчүн кээ бир адамды чагып, айрым башка кишилерге тийбейт?» деген суроо менен эксперттерге кайрылып, макала жарыялады.

Чиркейлер «курмандыгын» жытка, тагыраагы көмүртек газына карап тандайт. Ошон үчүн да толук адамдар арык кишилерге караганда көбүрөөк чиркейдин таландысында калышат. Ушундай логикадан улам, аялдарга караганда, көбүрөөк эркектер, кыз-келиндердин ичинен кош бойлуу аялдар, балдарга салыштырмалуу чоң кишилер чиркейдин «курмандыгына» айланышат.

Тамак-аш жана суусундук да таасир этет. Сарымсак чиркейди өзүнө тартпаса, ширин жана туздуу тамак алыстан чакырып келет. Сыра ичкен адамдарга да чиркей көп келери ачыкталган.

Чиркейлер адамдардан салыштырмалуу башкача көрүшөт. Аларга адамдын териси кызыл-кочкул сары түстө көрүнөт. Ушундан улам да чиркейден алыс болом десеңиз, бул түстөгү кийимди кийбеген оң.

Related posts

Бишкек мэриясында Ататүрк паркы маселеси боюнча жыйын өттү

admin

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

admin

Дарыгерлер учурда балдар ооруканасына күнүно канча бала кайрылаарын айтышты

admin

Комментарий