Чоң Чүй каналынын жээгине сейил бак курулат

Чоң Чүй каналынын жээгинде сейил бак курулат. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев жана кытайлык компаниянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды.

Мэриядан билидиришкендей, каналдын жээгиндеги аймакта пайда боло турган эс алуу зонасы үчүн пилоттук тилкелер аныкталды.

Сейил бак “Алга” стадионунун аймагындагы көрктөндүрүлгөн үлгүгө окшоштурулат.

Учурда каналдын жээгинде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, жээктер бекемделип, коопсуздук деңгээли жогорулатылууда.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Чоң Чүй каналынын жээгин көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Related posts

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

admin

Шакиев Азербайжанга расмий сапар менен жөнөп кетти

admin

Манас шаарында үйүндө «черный ломбард» уюштурган аял кармалды

admin

Комментарий