Чоң маселеге айландырбайлы». Спикер депутат Бакировдун иш бөлмөсүз калганы тууралуу өз пикирин айтты 

Спикер Нурланбек Шакиев депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүз калганы тууралуу өз пикирин айтып, муну чоң маселеге айландырбоону суранды.

«Мен «90 депутатка ата болом, эне болом, ага болом» деп убада берген эмесмин. Менин милдетим ошол. Бул жерде бир гана Өмүрбек Бакиров жөнүндө эмес, депутат жөнүндө сөз болуп жатат. Жөн калбайт. Чара көрүлөт. Жагымсыз көрүнүш болду. Кайра кайталанбашы үчүн чекит коюшубуз керек. 

Иш башкада, биздин башкармалыкты берип салуу туура эмес иш болгон. Бул ошонун далили. Өзүбүздүн имаратка өзүбүз кожоюн боло албай отурабыз. Мен силерден суранам, муну чоң маселеге айлатпайлы. Көйгөйлүү маселелер толтура»,- деди ал.

Жыйында бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүлмөй болду.

Related posts

Ошто улактагы массалык башаламандык. Көк бөрү эми ойнотулбай калабы?

admin

Бишкекте “Азаттыктын” жабылышын талап кылган митинг өтүүдө

admin

22-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий