Чубак ажы Жалилов атындагы Көк-Жаңгактагы ички жолдун ачылыш аземи өттү

Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын ички жолдорунун бирине асфальт төшөлүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Жолдун ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Көк-Жаңгак шаарынын мэри баштаган кызматкерлер жана шаар тургундары катышты.

Республикалык бюджеттен 2200 метр жолго 10 миллион сомго жакын акча каражаты каралып, учурда 950 метри бүткөрүлдү.

Related posts

Эрте картайган синдрому менен эң узак жашаган адам каза болду. Ал 28 жашта болчу

admin

12-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Токмокто үч баласы менен аялды машина коюп кетти

admin

Комментарий