«Чыныгы жүзүн билип алгыла!” Акыйкатчы институтунун жамааты Атыр Абдрахматова боюнча кайрылуу жасады 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишмердүүлүгүн колдогондор жана ошол эле учурда аны сындагандар да коомчулукта, социалдык тармактарда талкуу жаратууда.

Акыйкатчы институтунун жамааты, Атыр Абдрахматованын иши тууралуу пикирин билдирди.

Текстти өзгөртүүсүз берилет:

Атыр Абдрахматованы анын чыныгы жүзүн билбей колдоп жаткан жарандарга жана өз кызыкчылыктарын көздөгөн бейөкмөт уюмдарга кайрылуу!

Учурда Атыр Абдрахматова бейөкмөт уюмдары аркылуу кайрылуу жаздырып, Баткендик туугандарыбызды өз кызыкчылыгына колдонуп митинг уюштуртам деп жатканы өтө ыплас жана кызмат оордун сактап калуунун аракети гана экенин белгилейбиз! Өзүңөр талдап көрүңүздөр!

Атыр Абдрахматованын Акыйкатчы катарындагы ишмердүлүгүнө далилдүү сары эсеп салып көрсөңөр төмөндөгүлөрдү кантип байкабай жатасыңар:

1 – далил: Өзүнүн ишинин жыйынтыгы тууралуу берген баяндамасында, бир жылдан ашык иштеп ага кайрылган элдердин болгону 7,5 % оңунан чечилген, бул көрсөткүч дагы чыныгы укук бузулган учурлар эмес экенин белгилесек болот! Эми ошол 7,5 % көрсөткүч деле кызматкерлердин күнүмдүк иши.

2- далил: Акыйкатчыга 3500 кайрылуу келип түшсө, укугу бузулду деп аныкталганы болгону 46-сы далилденген, анын дагы жарымынан көбү четке кагылып адамдын бузулган укуктары четке кагылган, башкача айтканда 0,7 % гана ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө алды!

3- далил: резонанс болгон гана иштер менен алек, анткени ал коомчулукта жана НПОлордо хайп алып келчү жана пиар кылууга ыңгайлуу, бул маалыматты ырасташ үчүн Акыйкатчынын ишмердүүлүгүн чагылдырган маалыматтарды интернеттен көрсөңөр болот, бирок алар дагы конкреттүү жыйынтыктуу иш аракеттер менен коштолгон жок, анткени маалыматтардын баарында Акыйкатчы көңүл бурат, Акыйкатчынын контролунда жана ушуга окшош маалыматтар;

4- далил: Баткенге 4 жолу барып келдим деди, бирок жыйынтыгында Баткен элинин жашоосун оңолушуна системдүү кандай иш алып барылды жана жыйынтык болду? бийлик алып барып жаткан иш кандай алып барылып жатса ошондой алып барылып жатат, колунан келгенин аткарып жатышат, Акыйкатчы катары негиздүү сунуштарын бийлик органдары менен биргеликте иштеп чыгып мүмкүнчүлүккө жараша мыйзамдын алкагында алып барса болот беле?;

5- далил: Мигранттардын укугун коргоп салдым деп жар салды, бирок тескерисинче буга чейин жакшынакай түптөлүп калган элге жардам көрсөтүүчү механизмдер иштебей калды, ал эми келген арыздар мурун кандай каралса ошондой каралып жатат, меморандум түздүм дейт андай меморандумдар ага чейин деле бар болчу жанылап жана бир эки өзгөртүү киргизгени тоону томкоргондой болуп жатса керек, Атыр Акыйкатчы болгондон бери бир дагы коомдук башталгычтагы Россия Федерациясында кенешчи дайындаган жок, алар менен иш алып барылган жок, жыйынтык жок!

6- далил: Акыйкатчынын мыйзамда каралган 23 укугу бар тилекке каршы анын 2-3 эле колдонбосо калганы элге кызмат болгон жок, бул маалыматты Абдрахматованын баяндамасында ( отчетунда) тастыкталып жатат, эн маанилүү иши катары бул системдүү укук бузууларга алып келип жаткан жагдайларды аныктап тийиштүү мыйзам долбоорлорун сунуштоо болуп эсептелет, бир дагы андай мыйзам сунушталган жок;

7- далил: Карапайым калктын чыныгы көйгөйлөрүн ойлогон Акыйкатчы биринчи иреет кандай мыйзам менен иштеп жапырт элге жардам береалам деп ойлойт, Акыйкатчыга андай мүмкүнчүлүк түзүлүп даражасы бийик болгон Акыйкатчы жөнүндө Конституциялык мыйзамды кабыл ал деп баш мыйзам какшап жатса да аны ишке ашыраалган жок, Атырдын эң чон айыбы ушул, бир жылдан ашык иштеп бир долбоор киргизип койсо балким мыйзам кабыл алынып калса канчалаган балким миңдеген карапайым элге жардамы тийип калат беле?

8-далил: Ойю түз эл аралык уюмдар, НПОлордун негизги максаттары чыныгы өзгөрүүгө алып келчү туруктуу, системдүү нигизгиси жыйынтыктуу долбоорлорду ишке ашыруу, бирок Акыйкатчы катары Атыр Абдрахматова бир дагы системдүү өзгөрүүнүн пайдубалын түптөй алган жок, ачуу кыйкырык, скандал, каралоо, пиар убактылуу көйгөйлөр жаатында төш кагуу;

9- далил: Абдрахматованын апыртмалары: баардык кызматкерлери сабатсыз, алар жалган айтып жатат, Абдрахматованы ак жеринен каралап, иштегиси келбей жатат, көнүп калган 17-20 жылдан бери иштеп келеткан кызматкерлер интрига менен эле алек деген сөзүнө ишенүү кыйын болуп калды анткени Жогорку Кенеште комитетте Г. Кожокулова суроо берип жатканда Абдрахматованын жоопторунун  жарымы жалган болуп чыкты, мисалы: Ноокенге бардым деди эле барбаптыр, Башкы прокуратура 2 корутунду берди деди эле биринчиси жумуштан кеткен кызматкерлердин арызы боюнча бериптир бирок экинчиси чыга элек экен, жөн жерден жалган айтып коомчулуктун көзүнө чөп салуу болду, 10 бош орун атайын  чет өлкөлөргө өкүл болушу үчүн албай жатам дегени дагы калп, чын болсо  өкүлчүлүк ачуу боюнча эки мамлекет бирдей тааныган документ барбы? Же он кызмат оордун түзүү боюнча алдын ала түзүлүүчү эсеби, сметасы барбы? Эгер өкүлдөр ачылса консулдук кызматтан айырмасы кандай болот, жобосу барбы, албетте жок бул жөн гана пиар кадам экени белгилүү, 19 бош оорун бар деди бирок бет тырмаарлык кылып дагы беш оорунду айтпай кетти айтор айтып отурса апыртмалары толгон токой, ал эми эл ага ишенип алып кызматтык жамаатты, бийликти сындап жатышат, урматту элдер жогорудагыларга ишенбесеңер логикалык суроого жооп берсеңиздер, Атыр Абдрахматова 70% Акыйкатчы болуп дайындалып жатканда берген убадаларымдын 70% аткардым дейт, демек жакшы иштегенинин айтууда да,  30% кызматкерлерин иштен кетирсе калганы иштебей жатса Атырдын сөзүнө ишенсек, анда жогорудагы жакшы иштедим дегени ага жалгыз өзүнө таандык болуп калуудабы, демек ал 91 кишинин кызматын өзү аткарган болуп калуудабы? Кызык? Өзүнө өзү көр казып, калпынан өзүнүн башы айланып калганын көргөн депуттар канчалык жаман болбосун бирок туура эле чечим кабыл алды окшойт!

10. НПОлор Атырды коргогон ачык кайрылуу менен кайрылып эл аралык стандарттарга туура келбейт деп билдирүүдө, урматтуу НПОлор канча киши экенинерди билбейм бирок эл аралык стандарттар боюнча сиздер бироону коргоо алдында, кимди коргоп жатканынар боюнча териштирүү жүргүзүп, жакшы жаманын таразага салып, мындан аркы кадамдар кандай болот деп ойлоносуңарбы? Же карым катнаш, тааныш билиш, деп эле коргойсуңарбы? Эл аралык стандарттарда Омбудсмен өзүнүн кызматкерлеринин адам укуктарын бузган учурда эмне болот? Эл аралык стандарттарда же практигада кызматына байланыштуу чыр чатак чыкса кызматтагы адам эмне кылат? Эл аралык стандарттарда кызмат оордун өз кызыкчылыктарына колдонсо эмне жоопкерчилик күтүлөт? Эл аралык стандарттарда Омбудсмен мыйзамдарды ыйык тутпаса, өз милдеттерин аткараалбай калса кандай болот? Эл аралык стандарттарда коомчулук алдында жалган суйлөгөн Омбудсмен болсо кандай болот? Ушул берилген суроолорго жооп берип койсоңор абдан ыраазы болот элек карапайым мыйзамды түшүнбөгөн эле жарандар!

Related posts

Түркияда кайрадан эки жолу жер титиреди 

admin

УКМК: КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды

admin

Fashion | ‘Ironic Pink’ And 4 Other Back-To-School Trends

admin

Комментарий