Жол кырсыгына кабылган окуучулар кайсы мектепте окугандыгы айтылды 

Бишкек – “Манас”аэропорту унаа жолунда кырсыкка Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары кабылган.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, автобустун ичинде 18 окуучу болгон. Учурда жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо мектеп автобусу менен GoBus кичиавтобусу сузушуп , мектеп автобусу оодарылып калган. Автобустун ичиндеги окуучулар жаракат алып, ооруканага жетирилген

Related posts

Садыр Жапаров башкы прокурор менен экология министрине сөгүш жарыялады

admin

УКМК: Сузакта жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды

admin

Чүй облусунда аба 14 градуска чейин жылыйт — 4-январга карата аба ырайы

admin

Комментарий