Чүйдө 28 жаштагы жигит сабалып, ооруканага түшкөн. Шектүүлөр кармалды

Бейбаштык аракеттерге тиешеси бар жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2023-жылдын ноябрь айынын башында Жайыл РИИБге маалымат түшкөн. Анда аймактык ооруканага 28 жаштагы жаран башынан жаракат алып, мээси чайкалып, бетинде көк ала тактары менен жаткырылган. Бул факты Жайыл РИИБде катталып, топтолгон материал тергөөгө чейинки текшерүүгө аймактык караштуулугу боюнча Панфилов райондук милициясына жөнөтүлгөн.

Андан ары текшерүүнүн жүрүшүндө, өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү катары тааныштырган 4 адам Чүй облусунун жашоочуларына кол салып, денесине залал келтиргени аныкталган. Мас абалында эки унаа айдап бараткан жарандар башка 3 жаранга бейбаштык максатында күч колдонушуп, күч менен унаага салышып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Андан соң, ээн жерде эч себепсиз сабашкан. Сабалгандардын бирин Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына жеткирип, кетип калышкан.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Кылмышка шектүү катары эки жаранды кармашкан. Алынган маалыматтар боюнча, экөө тең мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар. Алар Чүй облусунун Панфилов районунун тургундары болушат. Кармалган жарандар жергиликтүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Related posts

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды

admin

«Өлтүрүп туруп, карматып коюшту». Бишкекте атасы тишин тазалатканы алып барган 3 жашар кыз чарчап калды

admin

УКМК: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталды

admin

Комментарий