Өзбекстандын ардак кароолунда кыз-келиндер да кызмат өтөшөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин кызы, президенттин жардамчысы Саида Мирзийоева соцтармактагы баракчасына ардак кароолдо турган кыз-келиндердин сүрөтүн бөлүштү.

«Эркектин кесиби катары калыптанып калган профессияны биздин кыздар өздөштүрүп алганын көргөн сайын сыймыктанам. Бул албетте, теңсиздик жана стереотиптерге каршы сиздер менен болгон биздин аракеттин жыйынтыгы. Куралдуу күчтөрдүн катарында кыздардын кызмат өтөөсү буга айкын мисал. Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине келген конокторду бүгүн арасында кыздар да турган ардактуу кароол тосуп алды», — деп жазды ал.

Related posts

«Орунсуз билдирүү». Трамп Зеленскийдин айтканы тууралуу үн катты

admin

УКМКнын А.К. Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтү менен курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.

admin

ӨКМ: «Сосновка» постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

admin

Комментарий