Чүйдө 78 жаштагы аялды сабап, карактап кеткен шектүү кармалды

Чүйдүн Москва районунда эркек киши 78 жаштагы аялды сабап, карактап кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-октябрда саат 11:30 чамасында 1946-жылы туулган аялдын үйүнө жаран ууруга кирип, ага бир нече жолу кол көтөрүп, Редми телефонун тартып алып, качып кеткен. Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.

Related posts

УКМК: Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

admin

Өзгөндө эркек кишинин бычылганы айтылды. Милиция окуя боюнча маалымат берди

admin

Эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөн келиндин жолдошу эки айга камакка алынды

admin

Комментарий