УКМК: Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көл облусунун энергетика тармагындагы мыйзам бузууларды алдын алуу максатында КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 29-январында козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А. кармалды.

Тергөө материалдарына ылайык, ал электр эсептегичте пломба жок экендигине байланыштуу салынуучу айып пулдун өлчөмүн азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн айрым ишкерлерден накталай акча каражатын талап кылган деп шектелүүдө.

Чогултулган материалдардын негизинде К.М.А. Каракол шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Тергөө иштери улантылууда.

Related posts

КР УКМК: Бишкек шаардык сотунун судьясы жана анын жубайы кармалды

admin

ИИМ: Өлкөдө Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү

admin

 Садыр Жапаров манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту

admin

Комментарий