Чүйдө төрөттөн каза болгон келин. Оорукананын директору, орун басары жана башкы медайым жумуштан кетти

Төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу Жайыл аймактык ооруканасынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жайыл аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмү боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 12-февралындагы тапшырмасы менен, Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин 14-февралындагы №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле ал эми аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Related posts

АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

admin

Эркиндикти туу тутканбыз. Президент Адам укугун коргоо күнүнө карата кайрылды

admin

Гүлнара Джурабаева 2 айга камакта калды

admin

Комментарий