Чүйдө унаа токтотуучу жайдан өрт чыгып, бир адам каза болду

Бүгүн Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында унаа токтотуучу жайдан өрт чыгып, бир адам каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, аталган жайда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө саат 06:48де Бишкек шаардык N7 ӨККБдан 1 бөлүм тартылып, саат 07:34дө чектөөгө алынган. Толугу менен өрт саат 08:06да өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1970-жылы туулган Н.В. аттуу эркек каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Related posts

Алматыда таңга жуук хостелде өрт чыгып, 13 адам каза болду

admin

УКМК: «Мостовой» соода түйүнүндө жасалма iPhone телефондорун сатуу ачыкка чыкты

admin

Быйыл Баткенге 4 млрд 197 млн сом суммасында бюджет бекитилди. Ал сумманын канчасы которулду?

admin

Комментарий