Чүйдө жүк ташуучу унаалар кагышып, эки адам кыпчылып калды

Чүйдүн Беловодское айылынын Колхозная жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде “Форд Транзит” жана “Вольво” оор жүк ташуучу унааларынын каттышуусунда жол кырсыгы катталды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы С.И. жана 22 жаштагы П.А. аттуу эркектер кыпчылып калган.

Жеринде беш куткаруучу жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Related posts

Жалал-Абадда жер титиреди

admin

Кытайда жер титиреп, 100дөн ашуун адам каза болду (видео)

admin

Кыргызстанда жети миллионунчу жарандын төрөлүшү күтүлүүдө 

admin

Комментарий