COVID-19. Кыргызстанда кайрадан бет кап тагынуу сунушталды

Адамдар көп чогулган жерлерде бет кап тагынуу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышкан коронавирус боюнча штабдын жыйынында айтылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө аталган илдет менен ооругандардын саны азайган. Бирок эл көп чогулган жерлерде бет кап тагынуу керек.

«Өзгөчө өнөкөт оорулары бар жана улгайган адамдар үчүн коронавирустан коргонуунун жалгыз жолу бул эмдөө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакынкы айларда дүйнө SARS-CoV-2 илдетине дуушар болуп, өлүм менен коштолушу мүмкүн экенин айтты. Бул медициналык мекемелердин түйшүгүн дагы жогорулатышы мүмкүн», — деди Эдил Байсалов.

Related posts

4-марттан баштап абанын температурасынын акырындык менен жогорулашы күтүлөт

admin

Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

admin

7-январга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Комментарий