ЦУМда жардыруучу зат бар экенин айтып, жалган билдирүү жасаган шектүү кармалды

«Айчүрөк» соода борборунун имаратында жардыруучу зат бар деп жалган билдирүү жасаган жаран аныкталып, кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

26-октябрь күнү саат 11:59да социалдык тармактардагы баракчалардын бирине соода борборунун кызматкерлерине кайрылуу менен «Айчүрөк» соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн. Билдирүү ошол эле соода борборунун кызматкерлерине келген.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Текшерүүнүн алдында бардык жарандар имараттын бардык бөлмөлөрүнөн өз убагында эвакуацияланган. Жардыруучу зат коркунучу тууралуу ар бир чакыруу, коркунуч чынбы же жалганбы, реалдуу коркунуч катары кабыл алынат. Ар бир жардыруучу зат тууралуу чалуулар же бидирүүлөр жалган же тастыкталганына карабастан, ал коркунуч катары каралат.

Бишкек ШИИБ тарабынан 2004-жылы туулган Кыргызстандын жана Орусиянын жарандыгын алган, Бишкек шаарында жашаган жаран кармады. Ал соода борборлорунун биринде, коомдук тамактануучу ишканада иштейт. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жаран социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн. Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Related posts

Энергетика министрлиги элиталык үйлөргө жаңы тариф карап жатат

admin

Сауд Арабиядан келген дарыгерлер Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасайт

admin

Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына талапкерлерди кароодо

admin

Комментарий