Футбол: Улуттук курама команда Вьетнамды утуп алды

Кечээ, 9-январда Кыргызстандын Улуттук курама командасы Вьетнам менен контролдук беттеш өткөрдү, ал команданын 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында өттү. Жолугушуу Дохадагы «Al Egla» машыгуу талаасында орун алды.

Беттештин 31’ мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми атаандаштар оюндун 63’ мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти. Бирок Айзар Акматов жооптук гол киргизип (75’), кайрадан команданы алдыга алып чыкты. Ошентип, оюн 2-1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Беттеш машыгуу мүнөздө өтүп, расмий статуска ээ болгон жок. Штефан Тарковичтин оюнчулары үчүн бул контролдук беттеш турнирге болгон даярдыктын алкагындагы акыркысы болду.

Команданын 2023-жылкы Азия Кубогунда старттык оюну 16-январда Таиландга каршы өтөт.

Related posts

Садыр Жапаров: Биз азербайжандык боордошторубуз менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча натыйжалуу иш алып барууга даярбыз

admin

Мамбет Мамакеев эртең акыркы сапарга узатылып, сөөгү «Ата-Бейитке» коюлат

admin

Депутаттар чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен облусундагы айылдарга барышты

admin

Комментарий