Дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Бексултан Турдубеков табылды

10 жаштагы Бексултан Турдубеков 16-сентярбь күнү табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору кафелердин биринин администраторунун чакыруусу менен барган. Ал жерде 2013-жылы туулган Бексултан Турдубеков болгон.

Андан соӊ, ал Учкун кичи районундагы «Айданек» жашы жете элек балдар үчүн реинтеграциялоо борборуна тапшырылган.

Бексултан Турдубеков 2023-жылдын 13-сентябрында саат 12:30 чамасында Ленин көчөсүндөгү үйдөн көчөгө ойноо үчүн чыгып,

ошол бойдон кайрылып келген эмес.

Related posts

Белестүү жолдун баяны

admin

Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды

admin

Баткен жана Лейлек райондорунда ок атышуу уланууда (Видео)

admin

Комментарий