Дайынсыз жоголгон Бекболот Турдушев табылды. Ал кайда жүргөнү белгилүү болду

Дайынсыз жоголгон мектеп окуучусу Бекболот Турдушев табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз жоголгон өспүрүм бала Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал достору менен ошол эле күнү Бишкек шаарына чыгып, алар менен чогуу жүргөн.

«Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат», — деп айтылат маалыматта.

ЖМК Блогер Бекболот Турдушев изделип жатканын жазган. Милициянын маалыматы боюнча, 26-сентябрь күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Түп районунун 1965-жылы туулган тургуну Ч.Ожеков кайрылган. Ал 25-сентябрь күнү уулу Бекболот менен «Алтын-Көл» тойканасында болушканын, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында уулу Каракол шаарындагы дос балдарына жолугуу үчүн суранып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Бул факт Каракол ШИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталган.

Бекболот Турдушев 2021-жылы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Түп районунун Балбай айылына мектеп, бала бакча куруп берүүнү суранганы менен белгилүү болгон. Аны менен С.Жапаров жолугушкан.

Related posts

Президент кол койду. Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилет

admin

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

admin

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды

admin

Комментарий