Даниел Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылды

31-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Даниел Ажиевге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. 

Ал Кылмыш жаза кодексинин 60-беренесинин 1-бөлүгү («Сойкулук үчүн жайларды уюштуруу же сутенерлик кылуу»), 161-берене («Порнографиялык мүнөздөгү нерселерди таратуу») жана 261-берененин 1-бөлүгү («Уюшкан топ түзүү»), 215-беренесинин 3-бөлүгү («Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү») менен күнөөлүү деп табылган.  

Ал мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратуу, 2 жылдык мөөнөткө ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу, жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөп, 220 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөө менен соттолду.

Даниель Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.

Related posts

Бүгүн Ош шаарынан ажылык сапарга алгачкы топ жөнөп кетет

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына келди 

admin

17-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий