Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу соцтармакта жазылып, эл өкүлүн жеңиши менен куттукташууда.

Грецияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионатында депутат Тазабек Икрамов күмүш медаль жеңди. Ал атаандаштары болгон Иран, Казакстан, Польша балбандарын жеңип, финалга чыккан. Финалда дүйнөлүк рейтингде ардагерлер арасында таанымал швециялык балбанга утулуп калды.

Related posts

Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды 

admin

Баткендеги капчыгайда дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинистти издөө иштери башталды

admin

Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

admin

Комментарий