«Диверсия эмес, шалаакылык». Депутат ЖЭБдеги жарылууга саясий баа берилиши керектигин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркаган жарандарга тез сакаюуну каалап, жардам берген коңшу өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, андагы кырсык эч кандай диверсия эмес, шалаакылык экенин айтты.

«Мен ойлойм, бул эч кандай диверсия эмес, бул шалаакылык. Бул ишин билбестик. 1 жылда ЖЭБде 3 жетекчи алмашкан. Кудай сактап түндө жарылып жатат. Күндүз болсо, эмне болот эле. Канча эл дүрбөлөңгө түштү? Саясий баа берилиши керек»,- деди ал.

Related posts

«Мушташ болгон эмес». Бостеринин тургундары 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кайрылуу жасашты

admin

Июль айындагы аба ырайынын болжолу

admin

Кара-Сууда 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

admin

Комментарий